Датасы: 25-сентябрь, 11:00 — 21:00. Кирүү акысыз
#trashfestival #Эко-тур #инсталляциялар #фото-көргөзмө #дизайн #перформанстар #кино тасмалар #воркшоптор, #своп-кече #эко-практикалар #сактап калынган китепкана жана башкалар
Бишкектеги заманбап исскуство мектеби & Tazar Бишкек «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен баардык борбор калаа тургундарын жана анын конокторун көптөн бери күткөн «TRASH-3: искусство + экология» аттуу экологиялык фестивалына чакырат.
Арт-Трэш Фестивалы 25-сентябрь, саат 11:00 — 21:00 арасында “Алтын-Казык” конушундагы шаардык полигонунун жанында өтмөкчү. Коноктор менен катышуучулар көркөм инсталляцияларды көрүп, таштанды/экинчилик сырье багытындагы креативдүү долбоорлор менен тааныша алышат. Фестивалда эко-тур, инсталляциялар, фото-көргөзмө, перформанстар, кино тасма көргөзүү, воркшоптор, эко-тажрыйбалар жана таштандылар боюнча лайфхактар, сактап калынган китепкананын ачылышы жана своп-кечеси болмокчу. Бул фестиваль таштандылар көйгөйү менен кантип күрөшүү керек экендигин жана таштандыларды ресурс катары колдонуу тууралуу дисскуссия жана ой жүгүртүүгө аянтча болуп бермекчи.
Расписание (Жаныңызга жылуу, суу өтпөөчү кийим, суу/идиш, беткап, эски жана ыңгайлуу бут кийим алып алыңыз)
1-бөлүм. Эко-Тур (өз автоунаасы менен баруу же https://clck.ru/XPAW7 аркылуу катталуу)
10:30 — «Народный» дүкөнүнүн жанында чогулуу (Киев/ Турусбеков).
11:00 – 16:00 — Жолго чыгуу. Ала-Арча суу сактагычтарынын айланасында Эко-Тур, полигонго зыярат.
2-бөлүм. Трэш-Фестивалы (жеке же коомдук транспорт менен келүүгө болот)
16:00 – 21:00 – Трэш-Фестивалы, “Алтын-Казык” конушу (Алтын-Казык, 8-чи, 8 https://go.2gis.com/7333nf)
Катышуучулардын тизмеси:
Абдыкерим Аденов
Адилет Уланов
Азиза Акунова ( жана “СКЗЭ” КБ командасы)
Акжол Акжигит уулу
Алена Абитова
Влад Ушаков
Глюкля (Наталья Першина-Якиманская, Орусия)
Дмитрий Петровский (DOXA арт-тобу)
Медер Ахметов
Мирлан Шейшенбаев
Мунара Молдобаева
Айтегин Муратбек уулу
Нэлля Джаманбаева
Оксана Капишникова
Равшан Та Джинг
Эрмек Жениш
Эковолонтер
Мунара Молдобаева
Annie Albagli (АКШ)
Дизайн: Сыйнат Жолдошева
Каталог-зин “Аралаш”: Алима Токмергенова & Сыйнат Жолдошева
Уюштуруучулар: Бишкектеги заманбап исскуство мектеби (куратор Бермет Борубаева) & Tazar Бишкек (куратор Аймээрим Турсалиева)
Өнөктөштөр: «ArtEast» КБ, Hyde Park Art Center (Чикаго), “Gde.kg” саякатчылар тобу, “Экостан” коомдук кыймылы, ЭкоСоц, Эковолонтер, “Кыргызстан студенттери жашыл экономика үчүн” КБ, ”CEC ArtsLink.
«Демократиялык башкаруу» программасынын алкагындагы «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык көмөктөшүүсү аркылуу.
Толук маалымат сайтта же +996500527484 аркылуу
Фестивалдын программасы https://bishci.com/2021/09/08/25-september-trash-3-festival-programme/
Facebook-event https://www.facebook.com/events/894523181438700/
Концепция https://bishci.com/2021/06/16/trash-3-art-ecology/
Медиа-материалдар: https://clck.ru/XPGt3
«TRASH-3: искусство + экология» экологиялык арт-фестивалынын программасы
1-бөлүм. Эко-Тур (11:00 — 16:00)
10:30да «Народный» дүкөнүнүн алдынба чогулуу (Киев/Турусбеков). ЭСКИ БУТ КИЙИМ+Респираторлор+дождевиктер
Убакыт | Иш-чара | Гео-локациялар |
11:00 | Жолго чыгуу | «Народный»(Киев/ Турусбеков) https://go.2gis.com/4penu |
11:30-12:00 | Таштанды полигонуна зыярат. #МэрБишкекаПотуши | КТК-фильтрат полигону https://go.2gis.com/w87qc |
12:30-13:00 | Дамбада тыныгуу | Дамба https://go.2gis.com/rzxcah |
13:00-15:30 | Кайык станциясына зыярат | Кайык станциясы https://go.2gis.com/a6lef |
2-бөлүк. “Алтын-Казык” конушу (16:00 – 21:00)
Убакыт | Иш-чара | Локациялар |
16:00-16:30 | Фестивалдын ачылышы жана сактап калынган китептердин китепканасы | “Алтын-Казык”конушу, Алтын-Казык, 8-чи, 8 https://go.2gis.com/7333nf |
16:30 – 19:00 | Долбоорлордун презентациясы. Экскурсия | Алтын-Казык, 8-чи, 8 https://go.2gis.com/7333nf |
19:00 – 20:00 | Кино тасмалар: “Полигон”, “Подводные свалки Иссык-Куля”, “Как заработать на мусоре в Кыргызстане” | “Китепкана”, Алтын-Казык, Алтын-Казык 7-я, 26 https://go.2gis.com/hzor1 |
20:00 – 21:00 | Пикник менен жыйынтыктоо | Алтын-Казык, 8-я, 8 https://go.2gis.com/7333nf |
Фестивал алдын ишембилик: 18-сентябрь, Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Ала-Арча суу сактагычына ишембиликке чыгуу — “Алтын-Казык” конушу. Ишембилик эрежелери, катталуу, чогулуу жери жана убактысы: https://clck.ru/XRA4H
Каражаттарыбыздын жетишсиздигинен улам колдооңуздарга муктажбыз.
Кантип жардам берүүгө болот?
— Жыгач жащиктер — жаңы же эски
— Керексиз отургучтар/паллеттер
— Китепканабыз үчүн китептер
— Алмашуу үчүн керексиз кийимдер (SWAP)
— Фестивалда ыктыярчылык кылуу
Кыргызстандагы таштандылар чогултулчу жерлердин көйгөйүн чечүүдө көмөк көрсөтүүңүз үчүн төмөндөгү петицияга кол коюуңузду өтүнөбүз https://chng.it/6Zy2yCPn7D
***
Бишкектеги заманбап исскуство мектеби (БЗИМ) — бул ар кайсы тармактагы исскуство практикаларын, ой жүгүртүүлөрүн жана тажрыйбаларын өз базасында топтоо жана өнүктүрүү үчүн динамикалык онлайн жана офлайн аянтча. Биз — исскуствонун практика катары негизинде ой-пикир, эмоция жана энергия алмашууга кызыкдар формалдуу эмес, өз ара уюшулган бирикмеюиз жана мектепти түзүүдө киреше көрүүнү көздөбөйбүз.
Web-site: www.bishci.com, Telegram: https://t.me/bishci, Instagram: https://www.instagram.com/bishkek_art_school/, Facebook: https://www.facebook.com/bishartschool/
Tazar Bishkek — бул Кыргызстандагы экинчилик сырьену бөлүштүрүү жана тапшыруу үчүн платформа жана мобилдик тиркеме. Биз жарандарды таштандыларды туура бөлүштүрүүнү жана тапшырууну үйрөтөбүз. Ошондой эле, биз кеңселерди өз экологиялык изине жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөбүз.
Instagram: https://www.instagram.com/tazar.app/
Facebook:https://www.facebook.com/tazarapp/
YouTube: https://youtu.be/XKPP5zy_vC4,
App Store: https://apps.apple.com/kg/app/tazar-kg/id1523623515 PlayMarket: https://play.google.com/store/apps/details?id=com.io.tazarapp&hl=ru&gl=US